Zum Hauptinhalt springen Zur Suche springen Zur Hauptnavigation springen

Kirgisische Verteilschriften

Produkte filtern

Kirgisisch: Wer ist der Schöpfer?
Kirgisisch: Wer ist der Schöpfer?

An verschiedenen Beispielen wird die Genialität der Schöpfung dargestellt. Als Wissenschaftler erklärt Prof. Dr. Werner Gitt, dass die unglaubliche Information, die in der ganzen Schöpfung steckt, einer intelligenten Quelle bedarf. Diese Quelle ist Gott selbst. Die Wissenschaft kann nur das "Was" analysieren, nicht aber das "Woher". Das "Am Anfang schuf Gott Himmel und Erde" der Bibel gibt uns eine Antwort auf die Frage nach der Herkunft des Lebens. Der Gedanke, Gott hätte durch Evolution geschaffen (die so genannte "Theistische Evolution"), untergräbt die Autorität der Bibel und ist mit dem christlichen Glauben unvereinbar. Die Bibel zeigt deutlich, dass Jesus der Schöpfer ist. Jesus hat die Menschen geschaffen und liebt sie hingebungsvoll. Darum lädt Jesus dazu ein, diese Liebe anzunehmen. Dieses Traktat eignet sich besonders gut zur Weitergabe an suchende Menschen! Жаратуучу ким? Бизди курчап турган дүйнө Тирүү жандыктарга байкоо жүргүзгөндө, алардын түзү­лү­шүнүн татаалдыгын, жашоо-тиричилигинин керемет ой­ло­нуштурулганын көрөбүз. Мисалы, сүт эмүүчү деңиз жа­ныбары кашалот 3000 метр тереңдикте сүзө алат, суунун үстүнө сүзүп чыкканда, ал кессон оорусуна чалдыкпайт. Ал эми тоңкулдак даракты болгон күчү менен ургуласа да, мээсине доо кетпейт. Көпчүлүк учурда биздин жашообуз толук өрчүп калып­та­нып бүткөн органдардын жана системалардын (мисалы, жүрөк, боор, бөйрөк) туура иштөөсүнө көз каранды. Өрчүп бүтө элек, б.а., жаңыдан өрчүп келе жаткан же толук өрчү­бөй калган органдар менен системалар жашоого ийкемсиз. Дарвинизмди жактаган адамдар муну билип коюшу керек: эволюция – өнүгүү максаты жана келечеги белгисиз процесс, ал процесс качандыр бир убакта толук иштей турган орган­дар менен системаларды жаратабы же жокпу, белгисиз. Көптөгөн келгин куштардын автопилоту болот, анын жар­дамы менен алар жаан-чачынга, ысык-суукка карабай, күн-түн дебей, бара турган жагына учуп жетишет. Мисалы, ыз­­гыт куш Гавай аралдарында кыштоо үчүн, Аляскадан учуп ке­лет. 4500 чакырымды учуп өтүшү үчүн керектелүүчү энергияга 70 грамм май талап кылынат. Ал эми 6,8 грамм май ар кандай күтүлбөгөн шар­ттарга туруштук бе­рүү үчүн сак­талуу турат. Моллюсктардын бир түрү – нау­ти­лус деген суу жаныбары мүйүз сы­мал ийилген кабыкчанын сырт­кы учунда жашайт, кабыкчанын ичи бөлүкчөлөргө бөлүнгөн. Мол­люск сууга тереңдеп кирип бара жатканда, ал бөлүкчөлөргө газ толот да, анын калкып жүрүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Суу ас­тын­да жүрүүчү кайыктарыбыз нау­­ти­луска салыштырмалуу ыңгайсыз жана бекем эмес. Бул жаныбар, адатта, 400 метр тереңдикте жашайт, түнкүсүн 100 метрге чейин жогору сүзүп чыгат. Микроскоптун жардамы менен гана көрүнө турган ай­рым бактерияларда протондор аркылуу кыймылга келтирүүчү электр моторлору болот, бактериялар ошолордун жардамы менен ары-бери кыймылдашат. Көзгө илээшпеген кичи­не­кей мей­киндикте алты миллиард миллиметр куб өлчөмүндөгү ичеги таякчасынын (бактериясынын) ушундай 6 мотору, “элек­тростанциясы”, компьютер системасы жана көптөгөн хи­ми­ялык “фабрикалары” бар. Ар бир тирүү клетканын түзүлүшү адам баласы ойлоп тап­кан техникадан он эсе татаал жана гениалдуу. Клеткада бир эле убакта ырааттуу жана өз ара бири-бирине дал келүүчү миңдеген химиялык процесстер жүрөт. Тирүү клетканын ДНК молекуласынан биз эң жогорку маа­лымат жыштыгын табабыз. Төөнөгүчтүн башындай болгон нер­сеге ДНК молекуласынын материалы толтурулган деп коёлу. Кандай деп ойлойсуз, ДНК молекуласындагы маа­лымат канча чөнтөк китепчесине (болжол менен 160 беттен турган) батар эле? 15 биллион китепчеге батмак! Эгерде ал китепчелерди үстү-үстүнө коюп жыйнасак, алардын жыйын­дысы жер менен айдын аралыгынан 500 эсе бийик болмок. Жер­ден Айга чейинки аралык 384 000 км. Ааламда 1025 жылдыз (25 нөл) бар. Аларды адам ба­ла­сы өмүрү өткөнчө санап бүтө албайт. Бир секундда 10 миллиард эсептөө операциясын жүргүзө ала турган ком­пью­терге аларды санап чыгышы үчүн 30 миллион жыл керек болмок. Мына ушул бир нече мисалдын үстүнөн ой жүгүрткөн акыл­дуу адам ушундай керемет жаратылыштын кайдан ке­лип чыкканы тууралуу ойлонбой койбойт. Көптөгөн за­ман­даштарыбыз кабыл алган эволюция теориясы бул су­роого жооп бере албайт. Анткени ал теория баарын: ти­рүү клеткадагы маалыматтын эбегейсиз көптүгүн, жанды жа­на акыл-эсти материалисттик көз караш менен гана тал­куулайт. Информатиканын табигый мыйзамдары болсо информациянын материалдык нерсе эмес экенин, ал пайда болушу үчүн ар дайым интеллектуалдуу баштапкы булак, б.а., эрки бар жаратуучу болушу зарыл экендигин айтат. Жаратылыштын кандай акылмандык жана кеменгерлик ме­нен жаратылганын карап туруп, таң калбай коё албайсың. Жа­ра­тылыштын өзү эле чыгармачыл Автор бар экенин да­лилдеп турат. Туура жоопту кайдан табабыз? Бизди курчап турган мейкиндик жана убакыт илимий изил­дөө­лөр чөйрөсүндө өлчөп-ченөө жана таразалоо ме­тод­до­рунун жардамы менен гана изилденет. Бирок “эмне” жа­ра­тылгандыгы гана изилденет да, анын “кайдан” келип чыккан­дыгы изилденбейт. Экинчи суроонун жообун берүүгө адамдын чамасы жетпейт, ошондуктан биз ал жоопту Жа­ра­туучунун Өзүнөн гана ала алабыз. Биз ал жоопту кантип, кайдан ала алабыз? Библияданбы, Куранданбы же дүйнөлүк тарыхтын кайсы бир китебинен­би? Дүйнөдөгү диндер бири-бирине карама-каршы келген ар түр­дүү жоопторду беришет. Ал жооптордун баары же жал­ган бо­лушу керек, же алардын бирөө эле чындык бо­лу­шу керек. Чындыкты текшерүүдөгү эң маанилүү нер­се – аткарылган пайгамбарчылыктар. Библияда 3268 пай­гам­барчылыктын ат­ка­рылгандыгы тууралуу жазылган. Дүйнөдөгү бир да китеп мындай сапатка ээ эмес. Башка китептерге салыштырмалуу Би­блия – өзгөчө китеп. Ошон­дуктан мен үчүн Библия – адам­зат үчүн жазылган Кудай Сөзү. Анын эң биринчи ая­ты­нан эле “Эң башында Кудай ... жаратты” деген жоопту алабыз. Жаратуучу Өзү ким? Эч нерсе жокто эле Кудай бар болгон. Ал мейкиндик, убакыт жана материя пайда болгондон мурун эле бар болгон. Биб­лиядагы биринчи сүйлөмдү окуганда, дүйнөнү Кудай Өзү жалгыз жараткандай сезилет. Бирок Анын жалгыз жа­ра­тпаганын төмөндөгү аяттан окуйбуз: “Өзүбүзгө ок­шо­штуруп адам жараталы” (Башталыш 1:26). Жаратуу иш­ине Ыйык Рух да катышкан. Бул жөнүндө экинчи аяттан окуйбуз: “...Кудайдын Руху суу үстүндө калкып учуп жүр­чү.” Библия бизге дароо эле бардык нерсени ачып бербейт, кадам сайын маалымат берет. “Жаратуучу ким?” деген суроонун жообу Жаңы Келишимде тагыраак айтылат. Корунттуктарга жазылган 1-каттын 8-бөлүмүнүн 6-аятында Ыйса Машайактын да жаратуу ишине катышкандыгы айты­лат: “Бизде бир гана Кудай Ата бар. Баарын Ал жараткан, биз да Ал үчүн жаратылганбыз. Ошон­­дой эле бир гана Теңир – Ыйса Машайак бар, баары Ал аркылуу жаратылган, биз да Ал аркылуу жаратылганбыз.” Башталыш китебининин 1-бөлүмүнүн 1-аятындагы “Элохим” деген эврей тилиндеги сөз Жаратуучу Кудайдын көптүк сан­да экенин билдирет. Жаратуу ишине Кудай Өзү жалгыз катышпаганын түшүнүү үчүн, күндөлүк жашоодон мисал кел­тирсек болот: бүт үй-бүлөбүз менен чогуу машинага түшүп алып, досторубуздукуна бардык деп коёлу. Үйгө кайтар уба­кыт келгенде, мен үй-бүлө башчысы катары, ата катары: “Эми үйгө кетели”, – деп айтам. Мен көптүк түрдө айтсам да, машинаны бир эле адам, мен, айдайм. Машинаны бир га­на адам айдаганы менен, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү да машинада отурушат. Бул жөнөкөй мисал бизге Библияда айтылган жаратуу иши­нин ким тарабынан ишке ашырылганын түшүнүүгө жардам берет. Кудай дүйнөнү Ыйса Теңир аркылуу жараткан. Бул Эврей­лерге жазылган каттын 1-бөлүмүнүн 2-аятында так жазылган: “Кудай акыркы күндөрдө бизге Уулу аркылуу сүй­лөдү. Ал аркылуу Кудай ааламды жараткан жана Аны баарына мураскор кылып дайындаган”. Жакан жазган Жакшы Кабарда бардык нерсенин башталышы Ыйса экени баса белгиленет: “Бардыгы Ал аркылуу [Сөз аркылуу; Ыйса аркылуу] башталган, эмне башталса да, Ансыз башталган эмес” (Жакан 1:3). Ыйса Машайак – Жаратуучу Ыйсанын жаратуу ишине катышкандыгын Колосалыктарга жа­зылган каттын 1-бөлүмүнүн 16-17-аяттарынан окуйбуз: “Анткени асмандагы жана жердеги көрүнгөн жана кө­рүн­бөгөн бардык нерселер: тактылар да, үстөмдүк кылуучулар да, башкаруучулар да, бийликтегилер да Ал [Ыйса Машайак] аркылуу жаратылган, бардык нерсе Ал аркылуу жана Ал үчүн жаратылган. Ал бардык нер­седен мурун бар болчу жана бардык нерсе Ал аркылуу бар болуп турат.” Көзгө көрүнгөн материалдык дүйнөдө Ыйса аркылуу жаратылбаган эч нерсе жок. Атомдун структуралык түзүлүшү, тирүү клеткалардын кичинекей де­тал­дары, ошондой эле эбегейсиз космос мейкиндиги, миллиондогон галактикалар Ал аркылуу жаратылган. Ыйса микро же макрокосмостун эле автору эмес, Ал бардык нер­сенин үстүнөн бийлик жүргүзөт. Андан тышкары, бизге көрүнбөгөн нерселер да Ыйса аркы­луу жаратылган. Ал асмандагы сансыз периштелерди жа­рат­кан. Ыйса бул дүйнөнү Жаратуучу гана эмес, Сактоочу дагы. Ал аны дайыма бир калыпта кармап турат. Дүйнө жа­ра­тылгандан кийин кароосуз калган эмес. Кудай аны Өзүнүн кудуреттүү Сөзү менен сактап, ал үчүн кам көрүп турат. Ошондуктан биз космос кырсыктарынан, жылдыздардын кагылышуусунан, күндүн өрттөнүп кетүүсүнөн же тоңуп калуусунан коркпойбуз. Анткени Ыйса дүйнөнү Өзү кайра келгенче сактап турат. Нобель сыйлыгына ээ болгон Жак Монод айткандай, лотерея оюнунда кокусунан бир нерсе утуп алган сыяктуу адам баласы да кокусунан пайда болуп калган эмес. Биз белгилүү максат менен, башкача айткан­да, Ыйса үчүн жаратылганбыз. Бул максатсыз биз жашообузду курулай эле өткөрүп коёбуз. Ыйсанын Байыркы Келишимдеги жаратуу иши Накыл сөздөр китебинин 8-бөлүмүнүн 22-24, 30-аяттарында мындай деп жазылган: “Теңир мени Өзүнүн жолунун баш­талышында эле, бардыгын жарата электен мурун эле, эзелки убакта эле жараткан. Мен кылымдар му­рун эле, башында эле, жер жаратыла электен мурун эле майлангам. Мен түпсүз туңгуюктар жарала элек­те эле, суусу мол булактар жарала электе эле тө­рөл­гөм. Мен Анын жанында сүрөтчү болчумун. Ар күнү Анын кубанычы болчумун, Анын алдында ар дайым ку­ба­нып турчумун.” Сүрөтчү деген сөз Ыйсанын да жаратуу ишине катышкандыгын билдирет. 101-забурдун 26-аятынын мааниси Жаңы Келишимдеги Эврейлерге жа­зыл­ган каттын 1-бөлүмүнүн 10-аятында ачылат жана ал жерде да Ыйса тууралуу айтылат: “Сен, Теңир, адегенде жерди негиздегенсиң, асманды да Сенин колдоруң жараткан.” Жаратуу иши кантип ишке ашкан? Библия бизге Жаратуучунун жаратуу жолдорун ачып берет: Кудай Өз Сөзү аркылуу (Забур 32:6; Жакан 1:1-4); Кудай жок нерседен жараткан (Эврейлерге 11:3); Кудай Өз күчү менен (Жеремия 10:12); Кудай Өз акылмандыгы менен (Забур 103:24; Колосалыктарга 2:3); Кудай Өз каалоосу менен (Башталыш 1:26; Аян 4:11); Кудай Өз Уулу аркылуу (Жакан 1:1-4; 1:10; Колосалыктарга 1:15-17); Ыйсанын мүнөзүнүн негизинде (Матай 11:29; Жакан 10:11). Бул факторлор жаратылыш мыйзамдарына баш ийбейт, ошон­дуктан аларды ишеним аркылуу гана түшүнүүгө болот. Азыркы учурдагы жаратылыш мыйзамдары биз жашап жат­кан дүйнөдөгү процесстерди жөнгө салып турат. Бирок дүйнө ал мыйзамдардын негизинде жаратылган эмес, тес­ке­ри­синче, алар жаратылган дүйнөдөн келип чыккан. Ыйса Машайак аркылуу эмнеге ээ болобуз? Ыйса – биз үчүн пайдубал. Биз жашообузду Анын үстүнө ку­ру­шубуз керек. Курулуш иштери үчүн карыз бере турган бир кредиттик уюмдун “Бул таштын үстүнө курсаңар болот” деген урааны бар. Биз болсо сизге “Сиз өз жашооңузду Ыйсанын үс­түнө кура аласыз” деп айта алабыз. Ыйса – жаратылган дүйнөнүн, Библиянын, ишенимдин, куткарылуунун, тын­чтык­тын, үмүттүн, Кудай Атага баруучу жолдун, жашоонун мак­са­ты менен маанисинин булагы. Ыйса – адамдар ойлоп тапкан ар кандай системаларды тал­калай ала турган бекем аска (1 Корунттуктарга 10:4). Эгерде Кудай: ”Даанышмандардын даанышмандыгын жок кы­лам” (1 Корунттуктарга 1:19), – десе, анда аны аска Ыйса гана жок кыла алат. Ал Аскага эч бир идеология, атеизм жа­на эч бир эволюциялык теория туруштук бере албайт. Алардын өкүлдөрү азыр бул дүйнөнүн Жаратуучусунан жа­на Куткаруучусунан баш тартып жатышканы менен, качандыр бир кезде Теңирдин алдында тизе бүгүшөт. «Ыйсанын ысы­мынын алдында асмандагылардын, жердегилердин жана жер түпкүрүндөгүлөрдүн баары тизе бүгүшү үчүн, “Ыйса Машайак – Теңир, Кудай Атанын даңкы” деп, ар бир тил ачык таанышы үчүн ушундай кылды» (Фи­ли­пи­ликтерге 2:10). Эмне үчүн эволюция теориясы коркунучтуу? Бул теория бизге бул дүйнө тууралуу жалган түшүнүк га­на бербестен, немец жазуучусу Жан Поль: “Кудай жок... Кыбыр эткен жан, “как” эткен карга, “кук” эткен кузгун жок боштук! Качып кутулгус муздак түбөлүктүүлүк! Маани-маңызы жок кокустук! Ар бирибиз бул чексиз ааламда жалгызбыз”, – деп сүрөттөгөндөй, үмүтсүздүккө алып барып такайт. Эволюция теориясы бул дүйнөнү Жаратуучусу жок жа­рал­ган деп түшүндүргөнгө аракеттенет. Ал адамдарды атеизмге тартууга болгон күчүн жумшайт. Бирок биз, Ыйса эс­керт­кен­дей, атеисттик көз карашыбыз менен тозокко түшөбүз: “Ал эми ким ишенбесе, ал айыпталынат” (Марк 16:16). Кээ бирөөлөр эволюцияны Кудайдын жаратуу жолу деп тү­шүн­дү­рүүгө аракет кылышат. Эгерде Кудай эволюция аркылуу жараткан болсо, анда биринчи адам менен аял болмок эмес; күнөө жок болмок; Кудай өлүмдү жаратуу ишинин куралы катары колдонмок; күнөөкөр Адамдын карама-каршысы, “акыркы Адам” (1 Ко­рунттуктарга 15:45) деп аталган Ыйсанын айкаш жы­гач­та биз үчүн ишке ашырган куткаруу ишинин маа­ни­си жок болмок. “Теисттик” деп аталган эволюциялык көз караш Библияны чет­ке кагат. Ошондуктан биз мындай туура эмес түшүнүктү четке кагалы. Өтө таң каларлык чындык Биз Ыйсаны бардык нерсенин Жаратуучусу катары таа­ныдык. Ал – Асман Падышачылыгынын Эгедери, тү­­бө­­лүк­түү падыша. Асмандагы жана жер үстүндөгү бардык бийлик Ага берилген (Матай 28:18). Төмөнкү таң каларлык чындыкка көңүл бурсаңыз: Голгофадагы айкаш жыгачка кадалган Адам (Ыйса) жана бул дүйнөнүн, бардык тирүү жандыктардын Жаратуучусу – бир эле Инсан! Ал бизди чексиз сүйгөндүктөн, айкаш жыгачта өлүп, биз үчүн ас­ман­га жол ачты. Ким муну четке какса, ал баарын жоготот: “Ушундай улуу куткарылууну барк албай койсок, анда биз жазадан кантип качып кутулабыз?” (Эврейлерге 2:3). Ким Аны кабыл алса, ал бардык нерсеге ээ болот: “Менин сөзүмдү угуп, Мени жиберген Кудайга ишенген адам түбөлүк өмүргө ээ, ал соттолбойт, анткени өлүмдөн өмүргө өттү” (Жакан 5:24). Кудайдын алдында соттолбош үчүн, бардык күнөөлөрүңүз үчүн Ыйса Те­ңир­ден кечирим сураңыз. Аны Жаратуучу жана Куткаруучу катары кабыл алып, Анын артынан ээрчиңиз. Технология илимдеринии доктору, профессор: Вернер Гитт

Regulärer Preis: 0,00 €
Kirgisisch: Wie komme ich in den Himmel?
Kirgisisch: Wie komme ich in den Himmel?

Die grundlegende Frage, die suchende Menschen sich stellen, wird hier von Prof. Dr. Werner Gitt beantwortet. "Wie findet man den Himmel?" Auf jeden Fall nicht durch eigene Anstrengungen oder Konzepte. "Was aber bringt uns wirklich in den Himmel?" Gott hat die Einladungen für den Himmel schon verteilt wie im Gleichnis des Menschen, der zu einem großen Fest Einladungen verschickte. Doch viele Menschen redeten sich heraus. Prof. Dr. Gitt ruft dazu auf, nicht so "kurzsichtig" wie diese Leute zu sein. Jesus will uns vor der Hölle erretten und diese wird kein Vergleich zu der sogenannten "Hölle von Auschwitz" sein. Er hat am Kreuz für unsere Schuld bezahlt, wir müssen diese Einladung nur annehmen, dann ist ein Platz im Himmel "gebucht". Ein Entscheidungsgebet soll den Lesern dabei helfen. Dieses Traktat eignet sich besonders gut zur Weitergabe an suchende Menschen! Мен бей­ишке кан­тип кире алам? Жашоосунун акыры жөнүндө ойлонгон ар бир адамда то­зок, бейиш тууралуу суроо болот. Жети жашында “Башка планеталык адам” аттуу фан­тас­ти­калык фильмде башкы ролду ойноп, кино жылдызы бо­луп калган америкалык актриса Дрю Бэрримор 28 жашка (1975-жылы төрөлгөн) чыкканда, мындай деген эле: “Эгер мен мышыгымдан мурдараак өлсөм, менин күлүмдү ага жегизгиле. Бир аз болсо да, мышыктын ичин­де жашап турайын”. Өлүм тууралуу ушундай түр­көй түшүнүктө болуу кандай коркунучтуу! Жердеги кызматы учурунда Ыйсага көп адамдар жар­дам сурап келишчү. Алардын муктаждыктарынын дээр­лик бардыгы күнүмдүк жашоого байланыштуу болчу, мисалы: Пес оорулуу он адам айыгууну каалаган (Инжил, Лука 17:13); Сокурлар көрүүнү каалашкан (Инжил, Матай 9:27); Мурас бөлүштүрүү маселесинде бир адам Ый­­са­­дан жардам күткөн (Лука 12:13,14); Фарисейлер Ыйсаны сөзүнөн кармоо үчүн, Рим па­ды­шасына салык төлөө туура же туура эмес экенин билүүнү каалашкан (Матай 22:17). Бейишке кантип кирүү керектигин билүү үчүн, Ыйсага аз эле адам кайрылган. Бир бай, жаш жигит Андан мын­дай деп сураган: “Жакшы Устат! Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн, эмне кылышым керек?” (Лука 18:18). Ыйса ага колунда болгон нерсесинин баарын, жү­рөгү байланган нерселердин баарын сатып, Өзүнүн артынан ээрчүү керектигин айткан. Ал жигит өтө бай бол­гон­дуктан, бул кеңешти четке каккан. Ошентип, ал бейишке ки­рүү­дөн өз ыктыяры менен баш тарткан. Бейиш жө­­нүндө таптакыр ойлонбогон адамдар да болгон. Би­рок Ыйса менен жолугушкандан кийин, бейишке кирүү мүмкүнчүлүгүн колдонуп калгандар да болгон. За­кай де­ген адам Ыйсаны жөн эле көргүсү келген. Бирок ал оюндагыдан да чоң нерсеге ээ болгон. Ыйса За­кай­дын үйүнө конокко барганда, ал бейишке кирүү мүмкүнчүлүгүн алган. Ыйса мындай деген: “Бүгүн бул үйгө куткарылуу келди” (Лука 19:9). Бейишке кирүү мүмкүнбү? Жогоруда айтылгандардан улам төмөндөгүдөй жыйын­тык чыгарууга болот: Бейишке кирүү мүмкүн. Бул нерсени билип алган жак­шы. Анткени сиз үчүн, урматтуу окурман, бүгүн Кудай менен элдешип, түбөлүк өмүргө ээ болуу мүмкүнчүлүгү, б.а., бейишке кирүү мүмкүнчүлүгү бар. Бирок кандайдыр бир жакшы иштерди аткаруу ар­кы­луу бейишке кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло албайбыз. Бейишке кирүү үчүн кандайдыр бир даярдык кө­рүү­нүн кереги жок. Бул тууралуу Кудай Өзү эмне дейт? Бейишке кирүү үчүн, Кудайдын сөздөрүнө негизделбеген аракеттерди кылсак, туура эмес кылган болобуз. Бир ырчы көп жыл­дар бою циркте иштеген клоун жөнүндө мындай деп ырдаган: “Ал сөзсүз бейишке кирет, анткени адамдарга кубаныч тартуулаган”. Бир бай аял 20 жакыр аял үчүн бекер жашай турган үй курдуруп, ал аялдарга төмөн0дөгүдөй шарт койгон: “Ме­нин жанымдын куткарылышы үчүн, күнүнө бир саат сыйынышыңар керек”. Чындыгында, биз бейишке кантип кире алабыз? Бул суроого так жана ачык жооп берүү үчүн, Ыйса төмөндөгү үлгү-насаат аңгемени айткан. Инжил ки­те­бин­де чоң той (той бейишке салыштырылат) өткөрмөкчү болгон бир киши (киши Кудайга салыштырылат) туу­ра­луу айтылат. Ал көп адамдарга чакыруу кагаздарын таратат. Бирок сүйлөшүп алгансып, баары тең кечирим сурай баш­та­шат. Алардын бири ага: “Мен жер сатып алдым эле, аны барып көрүшүм керек...” – десе, экин­чиси: “Мен он өгүз сатып алдым эле, ошолорду сынап көр­гөнү барам...” – дейт, үчүнчүсү болсо: “Мен жаңы эле үйлөндүм, ошондуктан бара албайм”, – деп жооп бе­рет. Ыйса үлгү-насаат аңгемесин чакыруучунун сөзү ме­нен аяктайт: “...силерге айтып коёюн, мурунку ча­кы­рыл­ган­дардын эч кимиси менин кечки тамагымдан даам татпайт” (Лука 14:24). Бейишке кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло аларыбызды же аны жоготуп коё аларыбызды ушул нерседен ачык көрүгө болот. Биздин тагдырыбыз эки нерсеге бай­ла­ныштуу чечилет: чакырууну кабыл алабыз же четке кагабыз. Мындан өткөн жөнөкөй жол болобу? Көп адамдардын бейишке кирбей калышы кандай жол менен барууну билишпегендигинен эмес, чакырууну ка­был алышпагандыгынан. Үлгү-насаат аңгемедеги ча­кы­рык­ты кабыл албай, тойго келбей койгон адам­дардай болбошубуз керек. Бирок той аларсыз де­ле өттү! Чакырылгандардын тойго келбей тургандыгын билгенден кийин, үй ээси чакыруу кагазын бардык адам­дар­га таратты. Ал чакыруу кагазын мурдагыдай кылып кооз­доп жасаган жок, “Келиңиз!” деген эле жөнөкөй сөз жазып койду. Бул чакырыкты кабыл алган ар бир адам тойдон орун алмак. Анан эмне болду? Адамдар агы­лып келе башташты. Бир канча убакыттан кийин үй ээси конок үйдө отурган адамдарды карап, дагы бош орундар бар экенин көрдү да, кулдарына мындай деди: “Баргыла, дагы чакыргыла!” Бул үлгү-насаат аңгеме биздин бугүнкү абалыбызды ча­гыл­ды­рып турат. Бейиште дагы бош орундар бар. Кудай сизге мындай дейт: “Кел, бейиштен өзүңө орун ээлеп кой. Акылдуулук кылып, бүгүн эле өзүңө бейиштен орун алып кой!” Бейиш сүрөттөлүп бере алгыс ажайып кооз бол­гон­дук­тан, Ыйса аны эң чоң тойго салыштырат. Инжил китебинде бейиш жөнүндө мындай деп жазылган: “Кудай Өзүн сүйгөндөргө көз көрбөгөн, кулак укпа­ган, адамдын оюна да келбеген нерсени даярдап кой­гон” (1 Корунттуктар 2:9). Жер бетинде бейишке са­лы­штыр­гыдай эч нерсе жок. Бейиштин канчалык сонун экендигин биз элестете да албайбыз! Бейиш ченемсиз баалуу болгондуктан, бул мүмкүнчүлүктү коё бербешибиз керек. Кудайдын Уулу Ыйса биз үчүн бейишке эшик ачты. Эми бардыгы биздин каалообузга жараша чечилет. Ким үлгү-насаат аңгемедеги үч кишиге окшош болсо, ал чакырыкты ка­был албайт. Адамзатты Ыйса Теңир гана куткара алат Инжил китебинен төмөндөгү маанилүү сөздөрдү окуйбуз: “Теңирдин (Ыйсанын) ысымын чакырган ар бир адам куткарылат!” (Элчилердин иштери 2:21). Бул – Инжилдеги эң маанилүү аят. Элчи Пабыл менен Сы­лас Ыйсага ишенишкендиги үчүн Филипи шаарында түр­мө­дө отурушканда, түрмө сакчысы менен сүйлөшүшкөн. Алар ага мындай дешкен: “Теңир Ыйса Машайакка ишен, ошондо өзүң да, үйүңдөгүлөр да куткарылат” (Элч.иш. 16:31). Кыска жана так айтылган бул сөз адамдын жа­шо­осун өзгөртө алат. Ошол эле түнү түрмө сакчысы Кудайга кайрылып, түбөлүк өмүргө ээ болгон. Ыйса эмнеден куткара алат? Ал түбөлүктүү тозоктон куткарат! Биз муну сөзсүз билишибиз керек. Ыйык Жа­зуу­да бейиштин да, тозоктун да түбөлүктүү экен­диги айтылган. Бейиште эң сонун, ал эми тозокто кор­ку­нуч­туу. Бул экөөнөн башка жер жок! Өлгөнүнө 5 мүнөт болгондон кийин, эми баары бүттү деп, эч ким айта ал­байт. Бардык нерсе Ыйса Машайак аркылуу чечилет. Биздин кайда болорубуз Ага жана Аны менен болгон мамилебизге көз каранды. Бир жолу мен Польшага лекция окуганы барганда, мур­да­гы концентрациялык лагерь Освенцимге (Польшадагы концентрациялык лагерлер жайгашкан жер) бардым. Ата мекендик согуш учурунда ал жерде коркунучтуу окуя­лар болгон. 1942-жылдан 1944-жылга чейин ал жерде 1,6 миллион адам, көбүнчө эврейлер газ менен ууландырылган жана тирүүлөй өрттөлгөн. Адабиятта ал “Освенцим тозогу” деп айтылат. Топтун жетекчиси бизге 600дөй адамдын бир убакта өлтүрүлгөндүгү жөнүндө айтып жатканда, мен бул аталыш тууралуу ой жүгүрттүм. Бул чындап эле тозок болгонбу? Биз бүгүнкү күндө ошол газ бөлмөлөрдү карап чыга ала­быз, анткени 1944-жылдан бери ал жерде эч ким ууландырылып өлтүрүлбөйт. Освенцимдеги газ бөлмөсү убактылуу эле болгон, ал эми тозок түбөлүктүү. Освенцимдеги музейдин кире беришиндеги бир сүрөткө көзүм кадалды. Ал айкаш жыгачка кадалган Ыйсанын сү­рөтү эле. Туткунга түшкөн бир адам дубалга өзүнүн үмүтүн мык менен тартыптыр. Ошол сүрөтчү да ушул газ бөлмөсүндө өлгөн. Бирок ал Куткаруучу Ыйсаны бил­ген. Ал коркунучтуу жерде өлгөн, бирок ал үчүн бейиш ачык болгон. Инжилде Ыйса Теңир тозоктон качышы­быз керек экендигин эскертет (мисалы: Матай 7:13; 5:29-30; 18:8). Тозокко түшкөндөн кийин, кутулуп чыга албайсың, ошол жерде түбөлүккө калып кыйналасың. Освенцимге салыштырмалуу тозок түбөлүк “иштейт”, ал жакка убактылуу саякатка барып келүү мүмкүн эмес. Бейиште да түбөлүк жашоо бар. Кудай бизди ошол жак­ка алып барууну каалайт. Ошондуктан Кудайга келиңиз! Теңирдин ысымын чакырып, бейиштен алдын ала орун алып коюңуз! Бир жолу лекциядан кийин бир аял мындай деп су­ра­ды: “Бейиштен алдын ала орун алып койсо болобу? Бул нер­се саякат бюросуна окшош экен”. Мен анын айтканына кошулдум: “Ким алдын ала орун алып койбосо, ал мак­сатына жетпейт. Сиз Гавай аралдарына баргыңыз келсе, сөзсүз билет аласыз да”. Ал мындай деп жооп бер­ди: ”Бирок билетке акча төлөө керек да?!” “Албетте, бейишке барыш үчүн да билетке акча төлөшүңүз ке­рек! Бирок ал билет өтө кымбат тургандыктан, аны эч ким төлөй албайт. Бейишке барууга күнөө тоскоолдук кы­лат. Анткени Кудай бейишке эч бир күнөөнү киргизбейт. Бул жашоосу бүткөндөн кийин, өмүрүн бейиште, Кудайдын жанында өткөрүүнү каалаган адам адегенде күнөө­сү­нөн арылышы керек. Бизди күнөөсү жок, адам болуп жер­ге келген Ыйса Машайак гана күнөөдөн арылта алат. Ал биздин күнөөлөрүбүздүн кунун Өзүнүн каны жана айкаш жыгачтагы өлүмү аркылуу төлөгөн”. Бейишке кириш үчүн эмне кылышым керек? Кудай ар бирибизди Өзү тартуулаган куткарылууну кабыл алууга чакырат. Ыйык Жазуунун көп жеринде Ку­дай­дын чакыруусуна жооп беришибиз керек экен­диги тууралуу жазылган: “Тар эшиктен кирүүгө аракеттен­гиле!” (Лука 13:24). “Тобо кылгыла! Анткени Асман Падышачы­лыгы жакындап калды” (Матай 4:17). “Тар дарбаза аркылуу киргиле. Анткени кең дарбаза менен кенен жол өлүмгө алып барат, ал жолдо бара жаткандар көп. Ал эми тар дарбаза менен тар жол өмүргө алып барат, ал жолду тапкандар аз” (Матай 7:13-14). “Түбөлүк өмүрдү бек тут, анткени сен ошого чакырылгансың” (1 Тиметей 6:12). “Теңир Ыйса Машайакка ишен, ошондо кут­ка­ры­ласың” (Элч.иш. 16:31). Бул чакырыктардын баары абдан таамай, так ай­тыл­ган жана олуттуулукту, чечкиндүүлүктү, кийинкиге калтырбоо милдетин талап кылып турат. Бул ча­кы­рык­ка туура жооп болжол менен төмөндөгүдөй сыйынуу менен коштолушу керек: “Ыйса Теңир, мен бүгүн Сен аркылуу гана бейишке чы­га аларымды окудум. Мен Сени менен чогуу бе­йиш­те болгум келет. Күнөөлөрүмдүн айынан тү­шө турган тозоктон мени куткара көр. Сен мени сүйгөн­дүктөн, мен үчүн айкаш жыгачта өлгөнсүң жана менин күнөөлөрүм үчүн жазалангансың. Сен ме­нин бала кезимден берки күнөөлөрүмдүн баарын би­ле­сиң. Сага менин азыр мойнума алып жаткан күнөөлөрүм да, эчак унутуп койгон күнөөлөрүм да бел­ги­лүү. Сен менин ойлорумду да билесиң. Сенин ал­дың­да мен ачылып турган китептеймин. Мен азыркы абалым менен бейишке кире албайм. Менин күнөөлөрүмдү кечире көр, аларды кылганыма өкү­нөм. Менин жүрөгүмө кирип, бейишке кирүүгө тоскоол бо­луу­чу нерселердин баарынан тазалачы. Жаман адаттарымдын баарын Сенин алдыңа алып келем, мени алардан арылтып, Өзүңө жаккан адаттарды берчи, суранам. Сенин сөзүңдө – Тоорат, Забур, Ин­жил­ди (Библияны) түшүнүүгө тунук акыл бере көр. Ки­те­биң аркылуу мага эмнени айткың келерин түшүнүүгө жар­дам берчи, Сага жаккан нерсени кылууга даяр жүрөк берчи. Ушул сааттан баштап менин Теңирим бо­ло көр. Мен Сени ээрчигим келет, жашоомдо Өзүң мага багыт берип тура көр. Сыйы­нуумду уккандыгың үчүн, мен эми Кудайдын баласы бо­луп калгандыгым үчүн жана ке­ле­чек­те Сени менен чогуу бейиште бо­ло тургандыгым үчүн Сага ыраа­зымын. Оомийин”. Технология илимдеринии доктору, профессор: Вернер Гитт

Regulärer Preis: 0,00 €